Бишкек – Ош унаа жолуна кар көчкү түштү

28-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73

Бүгүн, 28-январда, саат 12:20да Бишкек – Ош унаа жолунун 247+500 чакырымына узундугу болжол менен 50 метр бийиктиги 2 метр болгон кар кɵчкү түштү.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, каттам убактылуу эки тараптуу жабык. Учурда № 23 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан ыкчам түрдɵ керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдɵ.

28-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 73
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X