"Эркин-Тоо"

Бишкек –Ош жолунун Суусамыр тилкеси оңдолот

2025-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлиги артыкчылыктуу бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат жыйынында белгилүү болду.  Маалыматка таянсак, учурда  республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу, Бишкек –Ош жолунун Суусамыр тилкесин (100 чакырым) оңдоо, Ош – Баткен – Раззаков жолунун (28 чакырым) калган бөлүгүн куруу, Лебединовка ГЭС 5 жолун реконструкциялоо, Кырчын жайлоосуна баруучу жолду капиталдык оңдоодон өткөрүү, Ысык-Көл айланма унаа жолунун (Барскон-Каракол участогу, узундугу 75,2 чакырым) жана Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун (93 чакырым) тилкелерин реконструкциялоо иштери башталган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!