Бишкек шаарында аба ырайы кескин өзгөрөт

5-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Аба ырайы 103

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Бишкекте алдыдагы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт.

Калаада 5–7-декабрь күндөрү күн салыштырмалуу жылуу болуп, күндүз +6…+9° чейин көтөрүлөт, жаан-чачын жаабайт. 8-декабрда түнкүсүн -2…-4°, күндүз +5…+7° болуп, кар аралаш жаан жаашы ыктымал.

Ал эми 9-декабрдан тартып аба ырайы кескин өзгөрөт: түндө -3…-5°, күндүз -1…-3°. Кар жаап, жолдор тайгак болору эскертилет.

10-декабрда да кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн -7…-9°, күндүз -2…-4°. Ошондой эле 11-декабрда аба ырайынын суук болору айтылууда: Алсак, түнкүсүн -13…-15°, күндүз –4…–6° болот.

5-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Аба ырайы 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X