"Эркин-Тоо"

Бишкек соту Кемпир-Абад ишинен «жашыруун» деген грифти алып салды

Кечээ, 15-мартта Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад боюнча козголгон иштен «жашыруун» грифин алып салды. Бул тууралуу адвокат Кантемир Турдалиев маалымдады.

Айта кетсек, 2022-жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразычылык билдирген отузга жакын адам камакка алынган. Ички иштер министрлиги аларды «башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп айыптап чыккан.

Козголгон ишке «жашыруун» грифи коюлгандыктан Ички иштер министрлиги тергөөнүн жүрүшү туурасында маалымат бербей келген. Адвокат Кантемир Турдалиев грифти алып салуу боюнча сотко өтүнүч жөнөтүп, Бишкек шаардык соту кайрылууну жарым-жартылай канааттандырган.

Ошол эле учурда адвокат соттун чечими колуна расмий тие электигин маалымдап, мамлекеттик сыр камтылбаган материалдардан «жашыруун» грифин алып салуу туура болгонун белгилейт.

«Тергөө иштин мамлекеттик сырды камтыган материалдарын жашырууга укуктуу. Мен иштин бардык материалдары жашырылганы боюнча арыз бергем. Бул боюнча сот менин кайрылуумду канааттандырды», — деген ал.

Президент Садыр Жапаров активисттердин камалышы боюнча комментарий берип жатып, «камактагылардын 90%дан ашыгы чек ара маселелери боюнча жабык талкууларга катышкан жана алар Кемпир-Абад Кыргызстандын пайдасына чечилип жатканын билиши керек болчу» деген. Мамлекет башчысынын айтымында, кармалгандар элди адаштырып, «мамлекеттик төңкөрүш» жасоого аракет кылган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!