Бишкек жана аймактардагы жергиликтүү кеңештерде депутаттар алмашты
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 19-майдагы жыйынында Бишкек, Ысык-Көл, Кочкор, Ноокен, Аксы, Ноокат, Кара-Суу жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын бир катар жергиликтүү кеңеш депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу чечимдерин бекитти.
Маалыматка ылайык, Алымбеков Максат Джумакадырович (“Ынтымак” фракциясы) өз арызынын негизинде Бишкек шаардык кеңешинин депутаты мандатынан ажыратылды.
Ошондой эле Кожомсанов Рамис Эдилбекович (“Улуу Кыргызстан” фракциясы) ыйгарым укуктарын тапшырып, анын ордуна мандат Джигитеков Өмүрбек Жыргалбековичке өткөрүлүп берилди.
Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңешинде Раманкулов Бактыяр Эсенгулович депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотсо, бош калган мандат Шарабидинов Бекташ Алжанбаевичке тапшырылды.
Мындан тышкары, Ноокен районунун Д. Садырбаев айылдык кеңешиндеги бош мандат Шайымкулов Абдуллажан Исмаиловичке, ал эми Кочкор-Ата шаардык кеңешиндеги мандат Уметкулов Муратбек Таалайбековичке (“Эл Биримдиги” партиясы) өткөрүлүп берилди.
Кербен шаардык кеңешинин депутаты Кыдыралиев Манас Уларбекович (“Ынтымак” фракциясы) да өз арызы менен мандатын тапшырды. Анын ордуна Юсупов Нурбек Мырзаканович шайланган депутат катары катталды.
Ноокат районунун Көк-Жар айылдык кеңешинде Раимжанова Насибахан Кадырбековнанин ыйгарым укугу токтотулуп, мандат Жалалов Замирбек Абдиллаевичке берилди.
Ошондой эле Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Салимов Алтынбек Нышанович (“Эмгек” фракциясы) мандатын тапшырып, анын ордуна Анарбай уулу Абдилай (“Эмгек” партиясы) келди.
Ноокат районунун А. Масалиев айылдык кеңешинде да өзгөрүү болуп, Миталипов Абдулхаким Миталиповичнин ордуна Маматкулов Акрам Жамшидович депутат болуп катталды.