Бишкек шаарынын түштүк аймагына бийиктиги 65 метр болгон «Бишкек Тауэр» мунарасын тургузуу долбоорлонууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Долбоордун эскизин «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасы жарыялады. Архитекторлордун ою боюнча, имарат жөнөкөй геометриялык фигуралардан жана сызыктардан турат. Анда кафе жана башка объекттер болот.
Маалыматка ылайык «Бишкек Тауэр» мунарасы ак түскө боелуп, айрым бөлүктөрү алтын жана күмүш менен капталат.