Бишкекте №205 муниципалдык башкармалыктын жаңы имараты ачылды
Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиевдин катышуусунда №205 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.
Бир кабаттуу имаратты «Кыргыз Даймонд» ЖЧКсы курган. Анда кызматкерлер үчүн иш бөлмөлөрү, от казан жана санитардык түйүндөр жайгашкан.
Ачылыш аземинде шаар мэри муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгын белгилеп, келечекте мындай имараттарды көп кабаттуу кылып долбоорлоону сунуштады.
Айбек Джунушалиев Капиталдык курулуш башкармалыгына имараттын конструкцияларынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аны эки же үч кабатка чейин кеңейтүү маселесин изилдөөнү тапшырды. Ошондой эле кошумча аянттарга китепкана же балдардын чыгармачылык борборун жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн кароо милдеттендирилди.
Мындан тышкары, Биринчи Май районунун администрациясына имараттын айланасын көрктөндүрүү, унаа токтотуучу жай уюштуруу жана балдар аянтчасынын жанына воркаут-зонасын куруу тапшырылды.