Бишкекте 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө болбойт

14-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 32

Борбор калаабыз Бишкек шаарында 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө чектөө киргизилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Массалык башаламандыктарды алдын алуу максатында Биринчи май райондун акимиаты райондук сотко митингди айрым жерлерге өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү боюнча арыз менен кайрылган.

Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин имаратынын, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин, президенттин администрациясынын жана УКМКнын алдында, “Ала-Тоо” аянтында митинг жана тынчтык акцияларын өткөрбөөнү мыйзамдуу деп тапты.

Аталган чектөө 13-апрелден 1-сентябрга чейин иштейт. Мындан ары чогулуш жана митинг М.Горький атындагы гүлбакчада өтүшү керек.

14-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X