Бишкекте 14 жаңы мектеп курулат

23-январь, 2026-ж. / Редакция / Билим 120

Бишкек шаарында Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 14 жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында курулуш министринин орун басары Талант Иманакун уулу билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын 1-декабрында мектептерди куруунун биринчи фазасы жыйынтыкталып, өлкө боюнча 28 мектеп жана 2 бала бакча пайдаланууга берилген. Бул этапка Сауд өнүктүрүү фондунан 25 жылга, жылдык 1 пайыз менен алынган 30 млн доллар жумшалган.

Экинчи фазанын алкагында фонддон 50 млн долларлык насыя тартылып, ал 25 жылга, 1,5 пайыздык үстөк менен берилет. Бул каражатка Бишкек шаарында 14 жаңы мектеп салынат.

Министрдин орун басарынын айтымында, Бишкекте калктын саны 1,5 миллионго жакындап, мектептердеги орундар жетишсиз болууда. Учурда шаардагы бардык төрт райондо окуучулардын саны мектептердин долбоордук мүмкүнчүлүгүнөн бир нече эсеге ашып кеткен.

23-январь, 2026-ж. / Редакция / Билим 120
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X