Бишкекте 2014-жылы төрөлгөн окуучу кыз изделүүдө

30-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88

Бишкек шаарында 2014-жылы төрөлгөн Нагима Жусубекова изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Окуучу кыздын апасы 29-январда милицияга кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү саат 13:00 чамасында Нагима №94 мектептен чыгып, Дордой конушунан автобуска отурган. Ошондон бери кызы менен байланыша алган эмес.

Жоголгон кыздын бою болжол менен 150–160 сантиметр, чачы кара, орточо узундукта. Ал ак түстөгү кыска куртка, күрөң баш кийим жана кара шым кийип жүргөн.

Милиция жарандарды сүрөттөгү окуучу кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо кабар берүүгө чакырат. Байланыш телефондору: +996 (703) 43-77-83 же 102.

30-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 88
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X