Бишкекте автобус тилкелерине камералар орнотулат
Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн атайын тилкелерге жол эрежесин бузган айдоочуларды каттоочу камералар орнотулат.
Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген.
Анын айтымында, камералар ушул жуманын ичинде Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисине коюлат. Ал эми кийинки жумада дагы бир-эки автобус тилкесине орнотуу пландалууда.
Вице-мэр коомдук транспорттун кыймылына артыкчылык берүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, бир автобуска 60–70 жүргүнчү батса, жеңил унаада орто эсеп менен 3–4 адам гана жүрөт.
Муниципалитеттин бул чарасы автобус тилкелерине жеке унаалардын киришин көзөмөлдөөгө жана коомдук транспорттун тыгынсыз жүрүшүн камсыздоого багытталган.