Бишкекте автобустар үчүн атайын тилкелер чийиле баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди. Анын айтымында, бул иштер калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен коомдук транспортко жол ачып берүү максатында жасалууда.
«Атайын тилкелер автоунаалар токтоп алып коомдук транспортко тоскоол болбошу үчүн жасалып жатат», — деп белгиледи Жамалбек Ырсалиев. Белгилей кетсек, аталган тилкелер пилоттук негизде чийилүүдө.