Бишкекте Бакаев жана Миңжылкыев көчөлөрүнүн кесилиши ачылды

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 63

Бишкекте А. Бакаев жана Б. Миңжылкыев көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылы кайра жанданды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кесилиш 23-ноябрдан тартып ачылып, айдоочулар үчүн өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Эми мэрия Бакаев көчөсүн А. Токомбаев көчөсүнө (Түштүк магистралга) чейин улантуу иштеринин кийинки этабына киришет.

Айдоочуларга жол белгилерин сактап, этият болуу эскертилди.

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 63
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X