Бишкекте бала бакчадан өрт чыкты (Сүрөт)
Бишкекте бала бакчадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаадагы Жумабек №228 көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кошумча курулуштан өрт чыгып Фрунзе көчөсүнүн №585 дарегинде жайгашкан 2 кабаттуу «Дастан» бала бакчасынын чатырына өтүп кеткен.
Учурда бала бакчадагы балдар эвакуацияланган. Өрт саат 13:42де чектөөгө алынган.
Жеринде КР ӨКМнен 4 өрт өчүрүү бөлүмү, Штаб, ККББдан ыкчам топ, ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте толук өчүрүү иштерин алып барууда.
Кошумча маалымат берилет.

