Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды
13-мартта эл аралык издөөдө жүргөн Р.Т. аттуу жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалды.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Бишкектеги өңүнөн таануу системасы менен коомдук жайларда орнотулган сырткы видео байкоо камералары анын издөөдө экенин аныктаган.
Кармалган жаран тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.
Жогорудагы жаранга 2023-жылдын май айында Орусиянын Алтай аймагында Федералдык аткаруу жана жаза башкармалыгы кылмышка даярдануу жана кылмышка аракет кылуу беренеси менен , ошондой эле төлөмдөрдү алуудагы алдамчылык боюнча издөө жарыялаган.