Бишкекте эски көп кабаттуу үйлөрдү жаңылоо демилгеси көтөрүлдү

 Бул тууралуу Курулушчулар cоюзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев ММКлардин бирине берген маегинде билдирди. «Биз 4-5 кабат үйлөр салынган зоналарды, 3-4-микрорайондорду реконструкция кылып, жаңырталы деген мыйзам чыгарсакпы деп атабыз. Бул албетте, менчик ээсинин укугун бузбай, алар менен макулдашылып жүргүзүлөт. Мурун ашканасы 4 чарчы метр болсо, биз кененирээк салып беребиз. Оозгу бөлмөсү кенен болот. Эмнеге жаңыртканга болбосун? Билимибиз, тажрыйбабыз жетет. Европадан кембизби? Качанкыга чейин ушундай үйлөрдө жашайбыз? Биз дагы заманбап үйлөрдү куралы, борбордун көркүн оңдойлу», — деген  ал маек учурунда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X