Бишкекте эттин баасына көзөмөл күчөтүлдү
Бишкек шаарында эт жана башка социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында рейддик иш-чаралар улантылууда.
Өткөн жумада райондук администрациялар Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте уй жана кой этин жеткиликтүү баада сатуу боюнча 106 кызматташуу келишимин түзүштү.
Рейддер шаардын бардык райондорунда жүргүзүлүүдө. Ленин районундагы «Ош» базарында соодагерлерге белгиленген бааларды сактоо жана бааларды негизсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Свердлов районунда 2025-жылдын август айынан бери 250 рейддик иш-чара өткөрүлгөн.
Октябрь районундагы «Орто-Сай» базарында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эт азыктарына белгиленген баадан жогору баа койгон сатуучуларга карата 6 административдик протокол түзүлүп, жалпы 56 миң сом айып пул салынган. Бул райондо август айынан бери жалпысынан 598 рейд өткөрүлгөн.
Ал эми Биринчи май районунда рейддер «Алтын Така эт базары», «Сары-Өзөн» жана «Азиз базары» соода жайларын камтыды. Сатуучуларга эттин жана башка социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн чектик бааларын сактоо талаптары түшүндүрүлдү.
Иш-чараларга райондук администрациялардын, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык жана салык кызматтарынын, ошондой эле муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышууда.
Бааларга мониторинг жүргүзүү иштери туруктуу негизде улантылып, керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого жана азык-түлүк рыногунда баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөөгө багытталган.