Бишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгүндө жол кыймылына чектөө киргизилет
Бишкекте 17-сентябрдан тарта Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштерине байланыштуу жол кыймылы убактылуу чектелет.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган тилкеде «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы тарабынан жылуулук тармактары алмаштырылган. Ал эми 2025-жылы бул жерде жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар оңдолуп, ирригациялык инфраструктура жакшыртылган.
Айдоочуларга эскертүү: каттамыңызды алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдорду тандаңыз.
Шаар тургундарынан жана жол кыймылынын бардык катышуучуларынан убактылуу чектөөлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так сактоо суралат.
Чектөө оңдоо иштери аяктаганга чейин күчүндө болот.