Бишкекте искусствону өнүктүрүү жаатында семинар өткөрүлөт
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жаратмандардын, чыгармачыл инсандардын, авторлордун ишмердигин колдоо жана кесипкөй искусствону өнүктүрүү максатында “Искусство — креативдүү индустриянын өнүгүүсүнүн негизи” аталышындагы семинар өткөрөт.
Семинарга катышууга сүрөтчүлөр, кийим дизайнерлери жана композиторлор чакырылат.
Семинарда автордук укук маселелери, товардык белгилерди каттоо, өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоо жана чыгармачыл ишмердикти колдоо жана коргоо маселелери талкууланат.
Мындан сырткары, Кыргызпатент тарабынан демилгеленген “40 райондон 40 демилге” долбоору тууралуу маалымат берилет.