Бишкекте көпүрөнүн алдынан аялдын сөөгү табылды

18-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 36

Бишкекте көпүрөнүн алдынан аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 16-апрелде саат 14:10дө “102” кызматына Аламүдүн суусундагы көпүрөнүн алдында аялдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине милициянын кайгуул кызматкерлери барып, азият түспөлүндөгү болжол менен жашы 40-45 жаштагы аялдын сөөгү табышкан.

Ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы Т.С. аттуу жаран колго түшүрүлүп, Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

18-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X