Бишкекте көпүрө алдынан эки ымыркайдын сөөгү табылды

13-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 43

Кечээ Бишкектин Дордой-2 жаңы конушундагы айланма жолдогу көпүрөнүн астынан жаңы төрөлгөн эки ымыркайдын сөөгү табылган. Бул тууралуу бүгүн Чүй облустук милициясы билдирди.

Аталган факт Чүй облусунун Аламүдүн райондук милициясына катталып, учурда иш Бишкектин Свердлов райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

13-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 43
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X