Бүгүн, “акылдуу” эсептегичтер Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 4 300 турмуштиричилик жана турмуш-тиричилик эмес абоненттердин электр камсыздоосун аралыктан өчүрөт. Чүй электр тармактар ишканасы билдиргендей, ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн компания абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат. Чүй электр тармактар ишканасынын сайтында “Абоненттин балансы” рубрикасы иштейт. Анын жардамы менен бардык абоненттер өздүк эсебин каалаган учурда биле алышат. Мындан сырткары, абоненттер өз эсебин 1209, 0772/0702/0556 00-12-09 номериндеги күнү-түнү иштеген чалуу-борборуна кайрылып, же болбосо (0556) 00-12-09 номериндеги WhatsApp тиркемесине жазышса болот.