Бишкекте көмүрдүн бир тоннасы 7 миң сомдон сатылууда
Бишкек шаарында алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында көмүр базалары үзгүлтүксүз иштеп, тургундарга катуу отун сатылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда шаардын төрт районунда көмүрдүн запасы, сатылышы жана баасы боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө.
Свердлов районунда 9 көмүр базасы иштеп, жалпы 6 миң 73 тонна көмүр топтолгон. Анда «Кара-Кече» көмүрүнүн бир тоннасы 7 миң сомдон, «Шабыркүл» 7 миң 800 сомдон сатылууда.
Биринчи май районундагы 9 көмүр базасында 1 миң 48 тонна көмүр бар. «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 7 миң сом, «Миң-Куш» 8 миң сом, «Шаргунь» 7 миң 600 сомдон сунушталууда. Айрым базаларда көмүрдү капка салып сатып алуу мүмкүнчүлүгү да каралган.
Ал эми Ленин районунда 13 көмүр базасы иштеп, жалпы 4 миң 852 тонна көмүр камдалган. Бул райондо «Кара-Кече» жана «Миң-Куш» көмүрлөрүнүн тоннасы 7 миң сомдон, «Шабыркүл» 7 миң 800 сомдон сатылууда.
Октябрь районунда болсо 1 миң 558 тонна «Кара-Кече» көмүрү бар. Анын бир тоннасы 7 миң сомдон сатылууда.
Мэрия шаар тургундарын суук түшкөнгө чейин көмүр камдап алууга чакырат.
Көмүр базаларынын даректери менен бул шилтеме аркылуу таанышууга болот.