Бишкекте курулуш коопсуздугу боюнча эл аралык форум өттү
Бишкекте “Борбордук Азия – Кытай” курулуш министрлеринин экинчи конференциясынын алкагында курулуштун коопсуздугу, сейсмикалык туруктуулук жана заманбап технологиялар боюнча эл аралык форум өттү.
Иш-чарага Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын мамлекеттик органдарынын, илимий мекемелеринин жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты.
Форумда жер титирөөгө туруктуу имараттарды куруу, сейсмикалык тобокелдиктерди азайтуу, энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу жана курулуш тармагын санариптештирүү маселелери каралды. Ошондой эле сапаттуу турак жай куруу жана шаарлардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тажрыйба алмашуу болду.
Иш-чаранын алкагында Казакстандын “КазНИИСА” акционердик коому менен Кыргызстандын Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун ортосундагы кызматташтык меморандумунун мөөнөтү узартылды.
Мындан тышкары, инвесторлор үчүн B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар уюштурулуп, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана курулуш тармагындагы кызматташтык талкууланды.
Форум Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын курулуш тармагындагы илимий-техникалык кызматташтыгын бекемдөөгө жана жаңы инженердик чечимдерди жайылтууга багытталды.