Бишкекте Кыргызстан менен Швейцариянын оркестрлери биргелешкен марш-парад өткөрүштү

22-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 92

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гуля Кожокулова, Нуржамал Торобекова, Айгуль Ахмедова, Жылдыз Эгенбердиева Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын оркестри жана 220 жылдан ашуун тарыхы бар Швейцариянын La Landwehr de Fribourg оркестри катышкан салтанаттуу марш-парадга катышты.Возможно, это изображение текст

Депутаттар Кыргызстан Швейцария Конфедерациясы менен достукка жана өз ара ишенимге негизделген мамилелерди жогору баалай турганын белгилешти.Возможно, это изображение кларнет, костюм, труба и гобой
«Биздин кызматташтыгыбыз саясий жана парламенттер аралык диалогду, соода-экономикалык байланыштарды, мамлекеттик башкаруу реформасын, энергетиканы, ошондой эле климат жана суу ресурстары маселелерин камтуу менен ырааттуу өнүгүүдө. Кыргызстан менен Швейцария тоолуу өлкөлөр болгондуктан, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди жана программаларды мындан ары да илгерилетебиз деп ишенем. Бүгүн бул жерде жаңырган достуктун обону Кыргызстан менен Швейцариянын элдеринин өз ара урмат-сыйын, ишенимин жана биримдигин даңазалаган дагы бир жакшы символго айлансын», – деди эл өкүлү Гуля Кожокулова.Возможно, это изображение кларнет, гобой и Могила неизвестного солдата в США

Белгилей кетсек, иш-чара Швейцария Конфедерациясынын Улуттук Кеңешинин Төрагасы Пьер-Андре Паждын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында өттү.

22-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 92
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X