Бишкекте “Менин үнүм – менин келечегим” форуму өттү

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Билим 68

2026-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган “Менин үнүм – менин келечегим” аттуу республикалык форум өттү.

Иш-чарага мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелерден турган жалпы 400гө жакын катышуучу чогулду.

Форумдун негизги максаты – өспүрүмдөр арасында зомбулуктун, укук бузуулардын, коррупциянын, басмырлоонун, эрте никенин жана башка терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, ошондой эле жаштардын укуктук маданиятын, жарандык жоопкерчилигин, сергек жашоо образын жана коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча ачык диалог түзүү.

Форумду Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова ачып, балдар үчүн коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү, зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, тарбиялоо жана кошумча билим берүү системасын өнүктүрүү багытында министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.Возможно, это изображение толпа и текст

Анын маалыматына ылайык, зомбулук фактыларын өз убагында аныктоо жана ыкчам чара көрүү максатында “Э-Күндөлүк” тиркемесине “Коркпо, билдир!” аттуу анонимдүү функция киргизилген. Учурда бул функциянын иштөө механизмин автоматташтыруу, ведомстволор аралык кызматташтыкты кеңейтүү, мониторинг жана баалоо системасын киргизүү боюнча иштер уланууда.

Ошондой эле жалпы билим берүү уюмдары үчүн тарбия иштеринин программасы бекитилип, зомбулуктун, укук бузуулардын жана башка терс көрүнүштөрдүн алдын алуу багытында 15 миңден ашык мугалим окутуудан өткөрүлүп, усулдук материалдар менен камсыздалганы белгиленди.

Мындан тышкары, мектептерде психологдордун штаттык бирдиктерин киргизүү, өлкө боюнча 500 мектепте шахмат ийримдерин уюштуруу жана алдын алуу багытындагы социалдык видеоматериалдарды даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Форумдун алкагында панелдик талкуу уюштурулуп, анда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү балдардын укуктарын коргоо, өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, алардын ден соолугун чыңдоо жана ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүү маселелерин талкуулашты.

Мындан сырткары, катышуучулар жаштардын демилгелери менен таанышып, окуучулар тарабынан даярдалган театралдык көрсөтүүлөрдү көрүштү. Суроо-жооп сессиясында өспүрүмдөр өздөрүн кызыктырган суроолорун тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө түздөн-түз узатууга мүмкүнчүлүк алышты.

Форум балдардын үнүн угууга, алардын көйгөйлөрүн биргелешип талкуулоого жана үй-бүлө, мектеп, мамлекеттик органдар менен коомчулуктун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталды.

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Билим 68
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X