"Эркин-Тоо"

Бишкекте милициянын капитаны пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери, милициянын капитаны К.Т.Б. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Такталгандай, кылмыш жообуна тартылып, камакка алынат деп коркутуу жолу менен чет элдик жарандан 150 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Кылмыш иштин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Биринчи май районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалды жана андан аркы тергөө жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!