Бүгүн, 15-мартта Бишкектин Байтик Баатыр жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Нават» чайканасынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт саат 08:30да чектөөгө алынып, саат 09:05те толук өчүрүлгөн.
Кырсыктан чайкананын ашканасынын жыгач устундуу темир менен жабылган чатыры жана желим шыбынын 45 чарчы метри күйгөн.
Жабыркагандар катталган жок. Учурда өрт эмне себептен чыккандыгы такталууда.