Бишкекте Самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

28-апрель, 2022-ж. / Редакция / Спорт 29
Бишкекте Самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча эл аралык федерациянын сайтына чыкты.
Дүйнөлүк мелдеш башында Ашхабадда өтмөк. Ал эми жаштар арасында дүйнө чемпионаты Панагюриштеде (Болгария) болмок. Бирок аталган мамлекеттердин улуттук федерациялары эл аралык федерацияга турнирди башка жактан өткөрүү өтүнүчү менен кайрылган.
«Өлкөлөрдүн сунушун карап чыккандан кийин Самбо боюнча эл аралык федерациянын аткаруу комитетинин мүчөлөрү Кыргызстандын Самбо боюнча федерациясынын билдирүүсүн да добушка коюп, ал колдоого алынган. Турнир Бишкекте 11-ноябрдан 13-ноябрга чейин өтөт», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Ереван спорт чеберлери арасындагы самбо боюнча дүйнө чемпионатын кабыл алууга да даярданып жаткан. Бирок федерациянын аткаруу комитетинин мүчөлөрү аталган турнирди кийинки жылга жылдырууга добуш беришкен.
28-апрель, 2022-ж. / Редакция / Спорт 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X