Бишкекте түрк мамлекеттеринин жаштар жана спорт тармагындагы кызматташтыгы талкууланды
Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн жаштар жана спорт иштери боюнча министрлеринин 10-жыйыны өттү.
Жыйынга Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын делегацияларынын өкүлдөрү, ошондой эле ТМУ катчылыгынын жетекчилиги катышты.
Тараптар жаштар демилгелерин колдоо, спорт жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Жыйындын алкагында тиешелүү долбоорлор каралып, анын жыйынтыгы протокол менен бекитилди.
Мындан тышкары, министр Мирбек Мамбеталиев чет элдик делегациялардын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, жаштар саясаты жана спорт тармагында тажрыйба алмашуу, өнөктөштүктү кеңейтүү маселелерин талкуулады.