Акматов Алмазбек: «Эсептөө палатасы — ар бир салык төлөөчүнүн кызыкчылыгын коргоочусу»

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маек 162

Мамлекеттик бюджет — ар бир жарандын салыгынан куралган элдик казына. Анын канчалык натыйжалуу пайдаланылып жатканы мектептердин, ооруканалардын, жолдордун сапатына жана социалдык төлөмдөрдүн өз убагында берилишине түздөн-түз таасир этет. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын негизги милдети — мамлекеттик каражаттардын мыйзамдуу жана натыйжалуу сарпталышын көзөмөлдөө.

Мекеменин 30 жылдык мааракесине карата анын төрагасы Алмазбек Шаршембиевич менен бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы, аудиттин жыйынтыктары, казынага кайтарылган акча жана коомчулук үчүн ачык-айкындуулукту камсыз кылуу тууралуу маек курдук.

​– Саламатсызбы, Алмазбек Шаршембиевич!  Быйыл Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын түптөлгөнүнө 30 жыл толду. Мааракеңиздер кут болсун! Сөздү эң жөнөкөй суроодон баштасак: Бул жаатта иштеген аудиторлордун, инспекторлордун, дегеле аудитке катышкан кызматкерлердин эмгеги карапайым жарандардын күнүмдүк жашоосуна кантип таасир этет?

– Саламатчылык, рахмат. Жалпак тил менен айтканда, Эсептөө палатасы — бул ар бир жарандын, ар бир салык төлөөчүнүн «элдик коргоочусу». Көпчүлүк адамдар «мамлекеттик бюджет» өкмөт тарабынан бекитилген каражатты гана элестетишет. А чындыгында, бюджет деген эмне? Бул — сиз менен биз күнүгө дүкөндөн бир нерсе сатып алганда, айлыктан салык төлөгөндө мамлекетке чогулган коомдук казына.

​Ал казынадан айылдарга мектеп, шаарларга оорукана курулат, жолдор оңдолот, пенсия менен жөлөкпул төлөнөт. Биздин башкы милдетибиз — ошол биз төлөгөн ар бир сом өз орду менен, убагында жана сапаттуу коротулушун камсыз кылуу. Эгерде айылдагы мектептин курулушу созулуп же сапатсыз курулуп калса, же ооруканага дары-дармек кымбат баада сатылып алынса, ошол жерден Эсептөө палатасынын аудиторлору аралашып, мыйзам бузууларды таап чыгат. Дүкөндөгү ар бир чек — сиздин казынага кошкон салымыңыз, ал эми биз — ошол аманаттын коргоочусубуз.

​– Көпчүлүк сиздерди «акча уурдагандарды кармаган полиция» же «арифметикалык каталарды издеген бухгалтерлер» деп элестетишет. Кээ бирлери сиздерди шайлоодогу добуштарды эсептешет деген күлкү келтирген ойлорду айтып калышат экен. Бул түшүнүктөр канчалык туура?

– Бул абдан кеңири тараган жаңылыш пикир. Биз — укук коргоо органы да эмеспиз, жөнөкөй бухгалтер да эмеспиз. Шайлоого да тиешебиз жок. Бухгалтер эсеп документтердин туура толтурулушун гана текшерет. Милиция же атайын кызматтар кылмышты иликтейт. Ал эми Эсептөө палатасы тутумдук аналитика жүргүзөт жана мамлекеттик каржынын тазалыгын көзөмөлдөйт.

​Биз каражаттын туура сарпталышын гана эмес, анын натыйжалуулугун да текшеребиз. Мисалы, бир айылга миллион сомго кудук казылып, бирок андан суу чыкпай калса, бухгалтерия боюнча документтер «таза» чыгышы мүмкүн. Ал эми биздин аудит «Бул жерде мамлекеттик акча натыйжасыз коротулган, максатка жеткен жок» деген корутунду чыгарат. Биздин башкы максат — бирөөнө күнөө тагып же камоо эмес, мамлекеттик системаны туура иштетүү, уурулукка жана ысырапкорчулукка жол бербөө.

​– Аудиторлор жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында миллиондогон мыйзам бузуулар табылганын угабыз. Бул табылган акчалар реалдуу түрдө казынага кайтарылабы?

 ​– Ооба, дал ушул көрсөткүч биздин иштин эң башкы жыйынтыгы болуп саналат. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө табылган каржылык бузуулардын олуттуу бөлүгү кайрадан мамлекеттик бюджетке өндүрүлөт. Акыркы жылдары биздин иште казынага каражатты кайтаруу көрсөткүчү кыйла жогорулады. Мисалы 2025 жылдын жыйынтыгы менен 21 414,9 млн сом суммасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон финансылык тартип бузуулар аныкталган. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында тиешелүү бюджеттерге 13 406,4 млн сом калыбына келтирилген, анын ичинен 7 735,9 млн сом бухгалтердик эсеп боюнча, ал эми 5 670,5 млн сом накталай акча менен калыбына келтирилген суммалар. Ушул суммаларды аныктоодо 1 636 аудит субъекттери аудит менен камтылган.

Эгерде сөз тутумдук кылмыш же атайылап уурдоо жөнүндө болуп жатса, материалдар дароо укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет жана алардын ишинин негизинде казынага зыяндын орду толтурулат.  Бул багытта 2025 — жылы тиешелүү кароо үчүн, Эсептөө палатасы тарабынан укук коргоо органдарына аудиттин 5,6 млрд сом суммасындагы 116 материалы жөнөтүлгөн. Ал эми күнөөлүүлөрдү жазалоо чараларын мыйзам чегинде укук коргоо жана сот органдары көрүшөт.

​Ар бир кайтарылган сом — бул кайрадан жаңыланчу жолдор, кошумча сатылып алынчу тез жардам унаалары же мугалимдердин айлыгы.

​– Карапайым жаран Эсептөө палатасынын ишинин ачык-айкындыгына кантип ынана алат? Силердин текшерүүлөрдүн жыйынтыгын карапайым эл көрө алабы?

 ​– Ачык-айкындуулук — биздин эң башкы куралыбыз. Быйылкы 30 жылдык мааракеге биз ири санариптик трансформация менен келдик. Бүгүнкү күндө Эсептөө палатасынын расмий сайтында, социалдык тармактардагы баракчаларында жүргүзүлгөн аудиттердин отчеттору, коллегиянын чечимдери үзгүлтүксүз жарыяланып турат.

​Жарандар өздөрүнүн айылындагы же шаарындагы кайсы бир объектке канча акча бөлүнүп, биз ал жерден эмнелерди тапканыбызды ачык окуй алышат. Коомдук көзөмөл канчалык күчтүү болсо, мамлекеттик чиновниктердин жоопкерчилиги да ошончолук жогорулайт.

​– Төрага мырза, 30 жылдык чекке келип отурасыздар. Эсептөө палатасы келечекте карапайым эл үчүн дагы кантип жакыныраак болот?

– Биздин келечектеги башкы багытыбыз — коомчулук менен түз байланышты чыңдоо. Бул — санариптик кайрылуулар, жарандардын көңүлүн толкунданткан маселелер боюнча натыйжалуулук аудиттерди өркүндөтүү. Биз ар бир жаран өзүн мамлекеттик бюджеттин кожоюну катары сезишин каалайбыз. 30 жыл аралыгында биз калыптанган, тажрыйбалуу институтка айландык, эми ал тажрыйбаны элдин ишенимин андан ары бекемдөөгө жумшайбыз.

15-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маек 162
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X