Бишкекте жеңил автоунаа толугу менен күйүп кетти
Бишкекте жеңил автоунаа күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу 7-кичи райондагы № 44 үйдүн жанында токтоп турган Фольксваген пассат үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен өрттөнүп кетти.
Тилсиз жоону өчүрүүгө Октябрь райондук №5 АӨКБнөн 1 бөлүм тартылып, саат 10:48де чектөөгө алынып, 11:03тө толугу менен өчүрүлгөн.
Күйүп кеткен унаанын ээси шаар тургуну Р.Евдокимов тиешелүү болгон. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.