Бишкекте жоголгон жети жаштагы кыз табылды

18-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 35
 Бишкек шаарында изделип жаткан жети жаштагы Диана Боронбаева табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске кетсек, 17-мартта РИИБге Б.Н. аттуу аял кызын издөөгө жардамдашууну суранып кайрылган. Анын айтымында, жети жаштагы кызы 17-мартта болжол менен саат 16:30да Сүйүмбаев көчөсүнөн кошумча сабактан чыгып, Тунгуч кичи районун көздөй кеткен боюнча дайынсыз жоголуп кеткен.
Маалыматка ылайык, арыз түшөрү менен Свердлов РИИБдин кызматкерлери кызды издөө иштерин баштап, аны таап, ата-энесине өткөрүп берген. Кыздын туугандары укук коргоо кызматкерлерине ыраазычылыгын билдиришкен.
Бирок милиция кызды качан, кайдан табылгандыгы тууралуу маалымат берилген жок.
 РИИБ кызматы жарандар жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралса 102 номерине чалууну эскертет.
18-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X