Бишкекте жол эрежесин бузган автобустун беш айдоочусу иштен алынды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын» жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында жүргүзүлүп жаткан ишинин алкагында жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун беш айдоочусу жумуштан четтетилип, 18 айдоочу 100% сый акысынан ажыратылган.