Бишкекте Жусуп Абдрахманов тууралуу «ЖУСУП» тасмасынын бет ачары өттү

17-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 109

Бишкектеги «Манас» кинотеатрында Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына жана Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган «ЖУСУП» тарыхый-көркөм тасмасынын улуттук бет ачары өттү.Возможно, это изображение гостиная и внутри помещения

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен тартылган тасмада кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу жана мамлекеттик ишмердиги баяндалат. Анда улуттук тарыхтын маанилүү окуялары көркөм чагылдырылган.

 

Бет ачарга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмер Роза Айтматова, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият, кино тармагынын өкүлдөрү жана тасманын чыгармачыл тобу катышты.Возможно, это изображение один или несколько человек, костюм, свадьба и текст

Иш-чарада тасманын жаратуучулары тааныштырылып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый орду тууралуу сөз болду. Ошондой эле анын өмүр жолун жана эмгегин кийинки муундарга жеткирүүнүн мааниси белгиленди.

17-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 109
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X