Бишкектеги 21 көчөнүн кесилишинде «акылдуу светофорлор» орнотулат

21-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 35

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев  25-январдан тарта  шаардын 21 көчөнүн кесилишинде «акылдуу светофорлор» пилоттук режимде иштеп баштаарын билдирди.
Акылдуу жол чырактар кайсы көчөдө автоунаа көп болуп, тыгын жаралса, ошол жакты өткөрөт.
Ошондой эле жарык өчкөн маалда да светофордун ишин үзгүлтүккө учуратпай турган кошумча ток берүүчү жабдыгы бар.

21-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X