Бишкектеги эки мектеп жаңыланууда

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 54

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы №58 жана №56 мектептердин абалы менен таанышып, көрктөндүрүү жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Анын алкагында 2,3 гектар аянтты ээлеген №58 мектептин аймагында жүргүзүлгөн көрктөндүрүү иштери көрсөтүлдү. Мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут зонасы, балдар ойноочу жайлар курулуп, чуркоо жолдору төшөлгөн. Ошондой эле жарыктандыруу орнотулуп, отургучтар коюлган, тротуарлар жаңыланып, автоматтык сугат системасы ишке киргизилген.

Кыдыруу учурунда мэр кошумча жалбырактуу бак-дарактарды отургузуп, мектептин аймагын жашылдандырууну күчөтүүнү тапшырды. Мындан тышкары, мектепке жакын жайгашкан Восточная көчөсүндөгү узундугу 230 метр болгон кире бериш жолду оңдоо иштери 60 пайызга жакын аткарылганы маалымдалды.Нет описания фото.

Ошондой эле Айбек Джунушалиев 1971-жылы курулган №56 мектептеги капиталдык оңдоо иштери менен таанышты. Кеңейтилгенден кийин 1 400 окуучуга ылайыкталган билим берүү мекемесинин имаратын комплекстүү жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Учурда жыйындар залын оңдоо жана ага чектеш аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда.

Кыдыруунун жыйынтыгында шаар башчысы калган иштерди сапаттуу бүтүрүүнү, мектептин жанында унаа токтотуучу жай уюштуруу маселесин иштеп чыгууну жана жашыл аймактарды кеңейтүүнү тапшырды.

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 54
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X