Бишкектеги тергөө абагында эмне көйгөйлөр бар?
Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектеги №21 тергөө абагында мониторинг жүргүзүп, камакта жаткан жарандардын абалы менен таанышты. Учурда бул мекемеде 1474 адам кармалууда. Алардын 120сы аялдар.
Иш-чара 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин депутаттары жана Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү тарабынан өткөрүлдү.
Эл өкүлдөрү камераларды кыдырып, 10дон ашык кармалган жаран менен баарлашты. Алар негизинен соттук териштирүүлөрдүн создуктурулушуна, тергөөнүн калыс жүргүзүлбөшүнө жана медициналык жардамдын жетишсиздигине даттанышкан.
Айрым кармалгандар ден соолугуна байланыштуу жардам сурашкан. Алардын бири төрт ай мурда боорун алмаштыруу боюнча операция болгонун айтып, медициналык текшерүүдөн өтүүгө муктаж экенин билдирген. Дагы бир жаран I топтогу майыптыгы бар экенин айтып, көрүүсү начарлап кеткенине байланыштуу дарыгерлердин кароосунан өткөрүүнү өтүнгөн.
Депутаттар абактын жетекчилигине медициналык жардамга муктаж жарандарды текшерүүдөн өткөрүүнү уюштурууну тапшырышты.
Ал эми мекеменин жетекчилиги тергөө абагы жакын арада жаңы имаратка көчүрүлөрүн жана ал жерде тиешелүү шарттар түзүлгөнүн маалымдады.
Мониторингдин жүрүшүндө Акыйкатчы институтунун кызматкерлери кармалгандардын жазуу жүзүндөгү арыздарын кабыл алып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнүн түшүндүрмөлөрүн угушту.
Комитет мүчөлөрү бардык кайрылуулар иликтенип, жыйынтыгында кармалгандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөрүн билдиришти.