Бишкектеги жатаканадан өрт чыкты

16-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89

Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан 3 кабаттуу жатаканадан өрт чыгып, өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен саат 10:20да толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрт болгон жерде 2004-жылы туулган чет өлкөлүк жарандын сөөгү табылган. Тилсиз жоодон жалпы 38 адам эвакуацияланды.

Өрттүн аянты болжол менен 20 чарчы метрди түздү.

16-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 89
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X