Бишкектин айрым жерлеринде 23-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 94

2026-жылдын 23-октябрында саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Айни көчөсү — Жунусалиев көчөсү — Гагарин көчөсү — Абдраимов көчөсү — Жунусалиев көчөсү — Чыңгыз Айтматов проспекти.
Диаметири 400 мм болгон суу өткөргүчтү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.

“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 94
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X