Болот Миңжылкыевге 85 жыл
Бишкекте залкар опера ырчысы, СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыевдин 85 жылдык мааракесине арналган V эл аралык опера искусствосунун фестивалынын ачылышы салтанаттуу түрдө өттү.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, маданият өкүлдөрү, чет элдик коноктор жана маркумдун жакындары катышты. Фестивалдын алкагында Болот Миңжылкыев жараткан Коңурбай, Борис Годунов, Мефистофель, Кутузов сыяктуу унутулгус образдардын опера өнөрүндөгү орду баса көрсөтүлдү. Быйылкы фестиваль мааракелүү мүнөзгө ээ болгондуктан ага Азербайжан, Казакстан, Россия, Түркия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген белгилүү опера солисттери катышууда. Бул фестиваль Кыргызстанды дүйнөлүк опера өнөрүнүн өкүлдөрү менен бириктирип, чыгармачылык кызматташтыкты жана маданий байланыштарды чыңдоого багытталган.