Болотбек Шеримбаев: “Элибиздин ден соолугу – мамлекеттин байлыгы”

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 68

Калкынын терең кадырлоосуна ээ болгон замандашыбыз Шеримбаев Болотбек мырза көп жылдардан бери Москва районундагы жалпы дарыгерлик практика борборунун башкы директору болуп үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Улутубуздун саламаттыгын жакшыртуу багытындагы реформалардын демилгечиси жана колдоочусу. Элеттиктердин сүйүктүү инсанына айланган ары жөнөкөй, ары камкор жетекчи биз менен болгон баарлашуусунда адамдарга жан дүйнө тынчтыгы менен ден соолук тартуулап келе жаткан мекемесиндеги натыйжалуу аракеттери туурасында ой бөлүштү.

— Болотбек мырза, жашообузда күн сайын эмес саат сайын өзгөрүүлөр болуп жаткан чакта сиздердин мекемеде дагы көптөгөн маанилүү окуялар болуп жатканын билебиз. Ошолор туурасында айтып берсеңиз?
— Биздин районубузда расмий маалымат боюнча 103 миң калк жашайт. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 109860 адам жашайт экен. Албетте бул айырмачылык ички миграциянын агымына жараша болуп жатат. Мына ушул калк катмарына ар кандай кырдаалдарда болгон аракеттерибизди жумшап, тез жардамдарды көрсөтүп турабыз. Көпчүлүк болгондон кийин ар кандай пикирлер болот экен, баарына бирдей жагуу мүмкүн эмес. Электрондук кезекке туруу менен кайрылып жатышкан атуулдарыбыз өздөрү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп алышканы кубандырат. Ал эми ал системаны кабыл албаган жарандарыбыз: “Мына өздөрүнүн тааныштарын кезеги жок киргизип алышты, биз кезекте кечке тура беребизби” дешип чатак салган учурлар кездешет. Биз болсо аларга “Азыр баягы система жок, башка система менен иштеп жатабыз, түшүнүүгө убакыт жетти”- деп тынчтандырууга аракет жасаган учурларыбыз көп болууда. Биз үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, бейтапкананын имаратынан эч жакка чыкпай, үйдөн эле врачтардын кабыл алуусунда болуу үчүн кезекке онлайн туруп коюуга боло тургандыгын экрандаштырып дагы кулактандырып жатабыз. Муну элибиз дагы акырындап кабыл алышып, түшүнүп калышты. Азыр мамлекетибиздеги саламаттыкты сактоо мекемелеринде каражат жагы мурункудай каатчылыкты жаратпай калды. Баары жетиштүү. Бирок, азыр бардык жерде медициналык кадрлардын жетишпей жаткандыгы өкүнүчтүү болууда. Азыр бизде орто жана кичи билимдүү медицина кызматкерлери жетиштүү. Жакында эле саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлгөндө үйүндө отурган орто билимдүү кызматкерлердин баары жумушка чыгышып, кызматкерлерибиз толукталып калган. Бирок, жогорку билимдүү адистерибиз, врачтарыбыз жетишсиз болуп жатат.

— Медициналык кызматкерлердин тартыштыгын жоюу үчүн кандай чараларды көрүп жатасыздар?
— Жогорку билимдүү саламаттыкты сактоо адистерин биздин мекемелерибизге жумушка тартуу үчүн, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелери менен тыгыз байланышта иштеп, жол-жоболорун издеп жатабыз. Биз эң алгач аларды турак жай маселелери менен камсыз кылуу аракеттерин көрүп жатабыз. Үй куруу үчүн жер тилкесин сурап кайрылышса райондун жетекчилери менен ал маселесин чечүүгө аракеттерди жасоодобуз. Эң болбоду дегенде алардын турак жайлары акысыз, бекер болуусу үчүн камкордуктарды көрүүдөбүз. Андан тышкары, ушул маселелерди чечүү үчүн өзүм дагы атайын пландарды түзүп жатам. Маселен биздин оорукананын ичинде травматология бөлүмүнүн көп жылдардан бери пайдаланылып келген имараты азыр бош турат. Ошол имаратты кайрадан оңдоп алсак, 5 үй-бүлөнү бардык шарты менен турак жай менен камсыз кыла алат экенбиз. Азыр биз жамаатыбыз боюнча иликтеп көрсөк 16 врач жетишпейт экен. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна учурда 6-7 дарыгерлер жетишпей жатат. Биздин райондо 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 19 ФАП бар. Албетте биздин райондо иштөөнү каалаган жогорку билимдүү бүтүрүүчүлөр келип жатышат. Бирок алар дароо эле айыл жерине барбай тургандыгын, райондун борборунда калгысы келгендигин айтышат. Ошондуктан, биз жергиликтүү элдин уул-кыздарын атайын келишимдин негизинде КММАга жиберип, жогорку билимдүү адистерден болуп калуусун шарттап жатабыз. Эми аларды окутуу учурундагы контракттын негизиндеги каражаттарын дагы төлөп берүү үчүн депутаттардан колдоолорду суранып жатабыз. Биздин мекемебиздеги 8 стационардык бөлүмдөрдү керектүү бардык жабдуулар менен камсыз кылганбыз, акча каражаттары Кудайга шүгүр жетиштүү. Мен аларга: “Заман агымы менен жарышып иштейли, жаңыча иштейли, мыкты иштейли. Калк ден соолугу үчүн зарыл болгон буюмдар, жабдуулар керек болсо айткыла. Дароо камсыз кылабыз” — деп айтып келем. Биздин ооруканабызда мурун лапароскопия аппараты жок эле. Хирургдарыбыз операция жасоо учурунда ушул аппараттын жоктугунан улам айрым пациенттерибиз операция жасаттырбай баш тартышып, шаарга кетип калышчу. Жакында эле ушул аппаратты сатып алып, эки врачыбызды РФнын Казань шаарынан окутуп, ушул аппаратты иштетүү үчүн сертификаттарга ээ болушту. Бир врачыбыз борбордон КММАнын базасындагы Санжар Данияров атындагы институттан окуп квалификациясын жогорулатып келип, жалпылап иштеп жатышат.

— Акыркы мезгилде саламаттыкты сактоо тармагында көптөгөн өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошол мамлекеттик иш-аракеттердин алкагында сиздерде абал кандай?
— Биз азыр дал ошол маанилүү иштер менен алекпиз. Калкыбыз эскиче кыйналып жүрбөй, санариптик тутумдарды жакшылап өздөштүрүп алышса, “Түндүк” онлайн тутумун жакшылап өздөштүрүп алышса экен деген тилектерибиз менен аракеттерди жасап жатабыз. Элибизге толгон-токой кагаздарды көтөрүп жүрүү ыңгайсыз экендигин, электрондук медициналык аныктамаларды толтуруу эч качан жоголбой тура бере тургандыгын айтып ынандырып, каалаганда пайдалана бере тургандыгын колубуздан келишинче үйрөтүп жатабыз. Ар бир жашоочу өз айылдарындагы медициналык мекемелерден врачтарга көрүнүп, алардын корутундусун алышса болот. Амбулатордук дарыланууну чектесе райборборго келип убара болбостон ошол жерден дарыланып алса болот. Райондон алыс жайгашкан айылдардын жашоочуларын убара кылгыбыз келбейт. Колубуздан келишинче биз элибиздин дагы “ак халатчан” ниети аппак кесипкөйлөрүбүздүн дагы түйшүктөрүн азайтуу үчүн санариптин аракеттери кандай болоорун түшүндүрүп, айтып жатабыз. Бейтаптарыбыз сыркоолорунун дартын билүү үчүн кайсы лабораторияга анализ тапшырса дагы ал анализдин жыйынтыгын үйдө отуруп эле “Түндүк” тиркемесинен билип алса болот.

— Акыркы мезгилде жашарып бара жаткан оорулар туурасында айтып берсеңиз?
— Азыр өз ден соолугуна кам көрбөгөн адамдарды карап отуруп, алардын пендечилик кылып жаткандыгына жаның кейийт. Алардын үйүнө барсаң жашоо-шарты мыкты. Кымбат-баалуу эмеректер, короо-жайлары, минген машинелери көз кубантат. Аларга акча табышат дагы, ден соолуктарына акча таппай жатканы кейиштүү. Акыркы мезгилде бизде инсульт менен инфарк дарттары жашарып кеткени өкүнүчтүү. Биз бала кезде 70 жаштын тегерегиндеги адамдар ушул оору менен оорушса, азыр 40-50нүн ортосундагы жаштар ооруп жатышат. Алар жаштык кылып ден соолуктарына алдын ала кам көрбөгөн, кайдыгер караган адамдар. Биз мекемебизде “Кантыңды билип ал”, “Кан басымыңды билип ал” деген ден соолукту колдоо акцияларын канча жолу өткөрөбүз. Мекемелерге барабыз, кызматкерлерине кам көрөбүз. Ошондо дагы текшерилүүдөн качып, четтеп турушат. Ага караганда үй оокат, унаа, мал-жан деп каражат камдашат. Адам өзү өлсө деле артында баары калат да. Кант диабети дагы жашарып кетти. Ооругандар көп. Алар менен иштеген дарыгерлер алардын ден соолугунан аяп, туура эмес тамактанып жатышкандыгын айтышат. Алар улутубуздун жөнөкөй тамактарын эле ичишсе ден соолуктарына пайдалуу болмок. Жаш бойдон инсульт алып төшөктө жатып калган абдан аянычтуу. Кан басымынын бар экендигин билип жүрүп дары ичпей койгондугунун кесепети ушул. Бизде Кудайга шүгүр ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда бул багыттагы врачтарыбыз жетиштүү эле иштеп жатат. 50гө чыкпай жатып обширный инфарк алып жатып калган адамдарыбыз дагы толтура. Өтүп кеткендерин көрүп, кейийм. Ар бир адам өз ден соолугуна кош көңүлдүк кылбаса ушул болбойт эле. Ар бир адам жаз келип малын тоого айдаарда сөзсүз эмдөөлөрдү жүргүзүшөт. Малына кандай кам көрсө, өзүнө деле кам көрүп жаз, күз текшерилип турса болот да.

Учурда биздин ооруканага жардам сурап кайрылган бейтаптарга ден соолук тартуулап жатабыз. Акыркы мезгилде биздин төрөт бөлүмүбүзгө кайрылган энелердин саны артты. Тилекке каршы, бизге кайрылган сыркоолордун арасынан эч кандай документтери жоктору дагы арбын кездешет. Эми биздин район Чүй боорунда жайгашкандыктан, ички миграция кыймылы абдан күчтүү келип, көчүп келгендер арбын кездешүүдө. Өзбек, тажик мамлекеттеринен көчүп келген атуулдар абдан көп кайрылышат. Сыркоолордун басымдуу бөлүгү туруксуз кан басымы менен жабыркагандар. Оорукананын кабыл алуу бөлүмүндө тез жардамдарды көрсөтүү үчүн эң негизги шарттардын баары түзүлгөн. Адамдарга эң алгачкы тез жардам көрсөтүлүп, анан дарылана турган бөлүмдөрүнө жиберилет. Бишкек–Ош автожолунун тогуз жол тоомунда жайкашкандыктан, биздин жаракат бөлүмүбүзгө жол кырсыгына кабылып, кайрылган адамдардын саны дагы арбын.

Эне болууну каалаган жаш энелер албетте биздин келечегибиз, кыргыздын тукумун улап, намыска жараган уул-кыздарды жарыкка алып келишет. Биз кубанабыз, кубаттайбыз. Бирок ошол жаш энелер боюнда болуп, төрөгөнгө чейин врачтардын эрежелерин так сактаса жакшы болот эле. Организмине суук тийгизип же ар кандай вирус, бактериялары менен төрөгөнгө камынышат. Анын кесепети баланын ара төрөлүшүнө, кан агуу болуп кетүүсүнө жол ачат. Негизи баланы төрөө алдында пландаштыруу иштерин жүргүзсө туура болор. Мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун алкагында 12 анализди бекер тапшырууга укугу бар. Адамдык фактор алкагында ар жылы камсыздандыруу үчүн төлөп, бекер текшерилип турса кейиштүү жагдайлар болбойт эле. Жедеп кыйналып бүткөндө келишет дагы, жамандык болуп кетсе анын бир туугандары, бала-бакырасы “Врачтардын кайдыгерлигинен ушул жагдай болуп кетти”- дешип, бизге доомат кылышат. Мына мен куттуу кабинетимде отурам. Ар бир саатта: “Ээ Кудай, бизге келген ар бир сыркоо, ар бир пендеңе шыпааңды бере көр. Ар бири сакайып чыгып кетсин”-деп тилейм. Биздин колубузда сыйкырдуу таякча жок, оорулуу адамга тийгизип койсок, так секирип туруп кете турган ар бирибиз оорунун алдын алсак эле жакшы болот.

— Президент баш болуп жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүп келе жатат. Бийлик тарабынан кандай колдоолор болууда?
— Жакында эле КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев,
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, Саламаттык сактоо министри Дамирбек
Осмонов, КРнын Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Ашырбаевдер биздин мекемебизге келип, ал абалыбыз менен таанышып кайтышты. Биз көптөн бери эңсеп жүргөн томография аппараты менен камсыз кылып берүү керектигин айтышты.
Андан тышкары 1949-жылы курулган эскилиги жеткен ооруканабыздын ордуна 3 кабаттуу жаңы оорукананын имаратын куруп беришмей болушту. Буйруса, чукул арада ошол оорукана имараты пайдаланууга берилсе анын биринчи кабатына томография кабинеттерин жайгаштырууну пландап жатабыз. Биздин сыркоо адамдарыбыздын дартын тез арада аныктоо керек болсо “Тез жардам” машинабыз алып барып, келип жатабыз. Жаңы имараттын курулушу буйруса жакында башталуу алдында турат. Биздин оорукананын 6 бөлүм жайгашкан негизги имараттары 1970-жылы курулган экен. Ушуларды жаңыртуу үчүн ары-бери чуркап жүрүп АРИС долбооруна киргенбиз. Ал долбоордун алкагында бир топ негизги корпустарыбызды капиталдык ремонттон өткөрүп алсак, 3 кабаттуу жаңы оорукана курулуп калса бизде эч кандай маселе жаралбай калат эле.
Акыркы жылдары биздин районубуздун 4 жеринде ФАП ачылды. Алар Александровка айыл аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна караштуу Беш-Көрүк айылында, Винсовхоз айылында, Стретенка айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна караштуу Заря айылында, ошондой эле биздин Ак-Суу айылыбыздагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна караштуу Кош-Дөбө айылында Араб мамлекетинин “Ас-сафа” кайрымдуулук фонддорунун каржылоолорунун жардамы менен ФАПтар ачылып, калкыбыздын саламаттыгы үчүн жакшы шарттар түзүлүүдө. Мен жогоруда айтып кеткен 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, ФАПтар толугу менен айыл өкмөттөрдүн баланстарында турат. Бир гана Садовое айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу биздин карамагыбызга карайт.

Учурдан пайдаланып айта кетүүчү нерсе, “беш кол тең эмес” экен. Урматтуу калайык-калк, “ак халатчан” дарыгерлер дагы сиздер сыяктуу адамдар. Биздин дагы үй-бүлөбүз, бала-бакырабыз бар. Сиздер бизге кайрылганыңыздарда ушуларды эске алып, түшүнүү менен мамиле жасооңорду өтүнөбүз. Биздин кызматкерлерди жаман сөздөр менен кагып-силкип, жаман мамиле жасап, спирт ичимдиктерин ичип келип ыплас мамиле жасап, мүмкүн болбогон нерселерди талап кылып, уруп жиберген учурлар кездешип калат. Ошондуктан, Сиздерди сабырдуу болууга чакырам.

Раиса Дүйшөнбекова

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 68
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X