Боом капчыгайындагы жолдун айрым бөлүктөрү жабылат

Бишкек — Нарын -Торугарт жолунда таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт. Андыктан аталган жолдо 31-майдан 4-июнга чейин күндүзгү маалда поезд жана автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. «Саат 09:00дөн 15:00гө чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Боом капчыгайындагы жолдун айрым бөлүктөрүн жабат. Жол тазалоо учурунда транспорт жолдун бир тилкеси менен жүрөт», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X