«Боз-Салкын» ансамблине — 45 жыл

25-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 91

2026-жылдын 23-ноябрында Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Ак-Суу районунун «Боз-Салкын» элдик ыр-бий ансамблинин 45 жылдык мааракесине арналган юбилейлик отчеттук концерти болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Канатбек Калдаралиев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.Возможно, это изображение текст

Иш-чаранын жүрүшүндө Чыңгыз Эсенгул уулу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин куттуктоосун жеткирип, ансамблдин чыгармачыл жамаатына жана ардагерлерине жылуу каалоо-тилектерин билдирди. Ошондой эле бир катар өнөрпоздорго «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгилерин, министрликтин сыйлыктарын жана Ардак грамоталарын тапшырды.

Белгилей кетсек, «Боз-Салкын» элдик ыр-бий ансамбли 1981-жылы Ак-Суу райондук маданият үйүнүн алдында негизделген. 45 жылдык чыгармачылык жолунда ансамбль улуттук маданиятты, каада-салтты, үрп-адатты жана элдик чыгармачылыкты даңазалап, Ысык-Көл облусунун маданий турмушунда өзгөчө ордун тапкан.

Ансамбль 1985-жылы Москва шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштардын жана студенттердин фестивалында дипломго татыган. Мындан тышкары, Ливия жана Түркияда өткөн эл аралык фестивалдарга катышып, кыргыз элинин улуттук өнөрүн дүйнөлүк деңгээлде тааныткан. Акыркы жылдары өлкө аймактарын кыдырып, Таластан Баткенге чейин көрүүчүлөргө өз өнөрүн тартуулап келет.Нет описания фото.

45 жылдык тарыхында элдик өнөрдү муундан муунга өткөрүп, улуттук баалуулуктарды сактоого жана жайылтууга зор салым кошкон «Боз-Салкын» ансамблинин чыгармачылык жолу — кыргыз маданиятынын өнүгүшүндөгү маанилүү барактардын бири.

Маараке ээлерине чыгармачылык ийгилик, бекем ден соолук жана улуттук өнөрдү даңазалоо жолунда жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!

 

25-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 91
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X