Британияда ковид менен ооругандардын 91 пайызынан индиялык штамм аныкталууда

Улуу британиянын саламаттык сактоо министрлиги учурда өлкөдө коронавирустун эң көп катталган штаммы — индиялык Delta варианты жөнүдө жаңыртылган маалыматын жарыялады. Мэтт Хэнкоканын айтымында, өлкөдө илдет жуктургандардын 91 пайызынан вирустун дал ушул штаммы аныкталууда.

Жаңы көрсөткүчтөргө ылайык, Улуу британиянын дээрлик бардык аймактарында коронавирус жуктургандардын саны кескин өскөнү байкалууда. Өзгөчө өлкөнүн түндүк-батышында вирус күч алды. Мамлекеттин коомдук саламаттык сактоо департаментинин апталык отчетунда көрсөтүлгөндөй, Англиянын түндүк-батышында вирус жуктургандардын саны 100 миң адамга — 149,6га чейин өсүп, бул 6-июнга чейинки көрсөткүчтөн кыйла жогору, деп билдирди.

Акыркы жумада бул эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин 21-февралда мындай жогорку чек катталган. Түштүк-батыш Англияда 100 миң адамга — 20,8ди көрсөтүп, аталган аймакта вирус кыйла төмөнкү чекте турат, деп маалымдады департамент.

Бул арада Англиянын коомдук саламаттык сактоо департаменти, өлкөдө вирус бардык курактагы жарандардан аныкталып жатканын билдирип, өзгөчө 20-29-жаштагылар арасында арбын кездеше баштаганын айтты. Вирус аныкталгандардын арасынан экинчи орунда 10 жаштан 19 жашка чейинки курактагылар турат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, акыркы суткадагы өлкөдө вирус 7 393 адамдан лабораториялык жол менен аныкталган.

Улуу британиянын жарыялан маалыматына ылайык, пандемиянын алгачкы күнүнөн баштап, азыркы маалга чейин өлкөдө 153 миң адам коронавирустан көз жумган.

Новый штамм коронавируса: что мы о нем знаем? - BBC News Русская служба
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X