БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди кабыл алат

11-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 106

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир катар аймактардагы аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо үчүн жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл алууну баштады.

Талапкерлерди саясий партиялар жана жергиликтүү кеңештер сунуштай алат. Жарандар жана коомдук бирикмелер документтерин тиешелүү жергиликтүү кеңешке, ал эми саясий партиялар талапкерлердин документтерин БШКга 2026-жылдын 25-августуна саат 18:00гө чейин тапшырышы керек.

Резервге талапкер шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу тууралуу арызын, паспортунун көчүрмөсүн, резюме же биографиялык маалыматтарын, байланыш дарегин жана телефон номерлерин, жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугун жана көрсөтүүчү субъекттин протоколун тапшырат.

Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдары, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары, талапкерлер жана алардын өкүлдөрү, башка мамлекеттин жарандары жана соттуулугу жоюлбаган адамдар шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло алышпайт.

Мындан тышкары, бир комиссиянын курамына жубайлар жана жакын туугандар киргизилбейт. Талапкерлер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашашы керек.

БШК резервдери толуктала турган аймактык комиссиялардын арасында Баткен, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Нарын, Жумгал, Ат-Башы, Алай, Араван, Талас, Кант, Сокулук, Москва, Панфилов жана башка аймактык шайлоо комиссиялары бар.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X