БШК президенттикке талапкерлердин өкүлдөрүн каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы президенттикке талапкерлер Бакытбек Адылов менен Клара Сооронкулованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. Бул тууралуу БШКнын 12-ноябрдагы жыйынында чечим кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, Бакытбек Адыловдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эркин Исматуллаев катталды.
Ал эми Клара Сооронкулованын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Гульнар Джурабаева, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Перизаткан Суранова катталды.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.