Буллинг жана кибербуллинг боюнча мыйзам иштелүүдө

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 68

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова Эл аралык Кувейт университетинде өткөн «Азыркы коомдогу зомбулук: себептери, түрлөрү, формалары жана алдын алуу жолдору» аттуу тегерек столго катышты.

Иш-чарага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, эксперттер, психологдор жана мугалимдер катышып, коомдогу зомбулуктун себептерин, анын ар кандай көрүнүштөрүн жана алдын алуу жолдорун талкуулашты. Ошондой эле көйгөйдү чечүүгө багытталган сунуштар каралды.Возможно, это изображение текст

Өз сөзүндө депутат Бурул Аманова парламентте бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, учурда буллинг жана кибербуллинг маселелерин мыйзамдык жөнгө салууга багытталган демилгенин үстүндө иш жүрүп жатат. Бул түшүнүктөр улуттук мыйзамдарга биринчи жолу киргизилмекчи.

Эл өкүлү зомбулуктун алдын алуу бир гана педагогдордун милдети эмес экенин белгилеп, бул багытта ата-энелер, билим берүү мекемелери жана жалпы коомчулук биргеликте иш алып барышы керектигин айтты.

24-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 68
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X