2021-2022-окуу жылында 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, техникалык комиссия кайрылууларды карап чыккандан кийин, 16-июнда аттестациянын жыйынтыгын бекиткен.
Алар:
- Баткен облусу — 3 окуучу
- Бишкек шаары — 37 окуучу
- Жалал-Абад облусу — 11 окуучу
- Нарын облусу — 1 окуучу
- Ош шаары — 3 окуучу
- Ош облусу — 15 окуучу
- Талас облусу — 3 окуучу
- Чүй облусу — 1 окуучу
- Ысык-Көл облусу — 6 окуучу