Быйыл Бишкекте Жаңы жылдык салют атылбайт
Мындай сунушту Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Мэрияга киргизген. Мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта калаа башчылыгы министрликтин сунушун колдогону айтылат. Эске салсак, 2024-жылды тосуудагы дагы майрамдык салют атылган эмес. Ал эми 2023-жылды тосуп алууда майрамдык салютка 755 миң сом сарпталган.